Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Орусия Бадахшандагы бейформал лидердин тууганын Тажикстанга өткөрүп берди


Курбонжон Айёмбеков
Курбонжон Айёмбеков

Тажикстанда өмүр бою эркинен ажыратылган мурдагы талаа командири Толиб Айёмбековдун жакын туугандарынын бири Орусиядан Тажикстанга экстрадицияланды.

33 жаштагы Курбонжон Айёмбеков 1-декабрда Орусия-Украина чек арасынан кармалганын “Озоди” радиосуна булактар билдирди.

Туугандарынын айтымында, Курбонжон Айёмбеков былтыр күздөн бери Орусияда жүрөт. Белгилүү командирдин жана анын айрым жакындарынын соту тууралуу акыркы маалыматтардан кийин ал Украинада жашынууга аракет кылып жатканда Тажикстанга депортацияланган.

Анын айтымында, Курбонжон учурда Дүйшөмбүдө, бирок кайсы абакта экени белгисиз.

Ноябрда Тажикстандын Жогорку соту Тоолуу Бадахшан автоном облусунда туулган беш кишини өмүр бою эркинен ажыраткан. Арасында автоном аймактын бейформал лидерлеринин бири делген Толиб Айёмбеков да бар. Тажик бийлиги сот чечимдери тууралуу комментарий бербейт, бардык жараяндар жабык өткөн.

Тоолуу Бадахшанда бир жыл мурда жапырт башаламандык башталып, бийлик аны күч менен баскан. Кийин аймактан чыккан активисттер камалган.

Быйыл жазда бийликтин мындай кадамдарына каршы жергиликтүү тургундар акцияга чыгышкан. Күч түзүмдөрү менен кагылышууда 16 кишинин өмүрү кыйылган. Расмий эмес маалыматтарга караганда бул сан 30дан ашат.

Ал тапта тажик бийлигин сындап жүргөндөрдүн бири Бехруз Тагойзоданын инисинин үйлөнүү тоюна жергиликтүү аткаминерлер уруксат бербей жатканын айтып чыкты.

Чет өлкөдө жашап жаткан Тагойзода Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылынын мүчөсү жана Ютублагы "Садои мардум" (Эл үнү) программасынын алып баруучусу. Анын инисинин тоюна байланыштуу бийлик комментарий берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG