Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:09

CNN: Си Цзинпин араб лидерлери менен жолугушат


Си Цзиньпин
Си Цзиньпин

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин 7-декабрда Сауд Арабиясын барганын Синхуа агенттиги жазды.

CNN каналы төрага расмий сапардын алкагында Эр-Риядда араб лидерлери менен жолугушарын кабарлады.

Падыша Салман бин Абдулазиз ал Сауддун чакыруусу менен барган Си ал жерде 9-декабрга чейин болот. Сапардын алкагында эки өлкөнүн лидерлеринин төрагалыгында Сауд Арабия-Кытай саммити өтөт. CNN билдиргендей, иш-чарага кеминде 14 араб өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.

Телеканалга маек берген араб дипломаты Си Цзинпиндин Сауд Арабияга сапарын араб-кытай мамилесиндеги “маанилүү этап” деп атады.

 

XS
SM
MD
LG