Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Нью-Йоркто Кыргызстандын “Жүрөгүм менин тоолордо” сүрөт көргөзмөсү өтүүдө


БУУнун штаб-квартирасы. “Жүрөгүм менин тоолордо” көргөзмөсү.
БУУнун штаб-квартирасы. “Жүрөгүм менин тоолордо” көргөзмөсү.

Нью-Йоркто, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) штаб-квартирасында 12-декабрда Тоолордун эл аралык күнүнө карата “Жүрөгүм менин тоолордо” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, көргөзмөнү өлкөнүн БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү уюштурду.

23-декабрга чейин улана турган көргөзмөгө Кыргызстандын тоолуу аймактары тартылган сүрөттөр коюлган.

Тоолордун эл аралык күнү Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун алкагында 2002-жылдан бери жыл сайын 11-декабрда белгиленип келет. Улуттур Уюмунун атайын резолюциясында бул күнү жер шарынын тоолуу аймактарын өнүктүрүү көйгөйлөрүнө жана алардын калкына жардам көрсөтүү зарылдыгына дүйнө коомчулугун бурдуруу максатында иш-чаралар өткөрүлөрү белгиленген.

1998-жылдан бери Кыргызстандын жана башка мамлекеттердин демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы тоолуу өлкөлөрдүн көйгөйлөрү боюнча жалпысынан 12 резолюция кабыл алган.

Кыргыз тарап 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялоо демилгесин көтөрүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG