Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Шекер кошулган суусундуктарга салыкты жогорулатуу сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги шекер кошулган суусундуктарга салыкты көбөйтүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу аталган мекеме өзүнүн Телеграм- каналына жазды.

"Алкоголдук ичимдиктер, тамеки, шекери көп суусундуктар калктын биринчи муктаж болгон азыктары эмес, андыктан мындай азыктарга салыкты көбөйтүү менен саламаттык тармагындагы каржылоону жакшыртса болот", - деп жазган министрлик.

Бишкектеги эл аралык медициналык институту быйыл май, июнь айларында жүргүзгөн изилдөөдө кыргызстандык студенттердин дээрлик 71% тез татымдан тамактанып, таттуу суусундуктар менен чаңкоосун кандыра турганы белгилүү болгон. Изилдөөгө катышкандардын бир даары ашказаны ооруй турганын айтышкан.

2021-жылы USAID уюму "Мыкты азыктануу" долбоорунун алкагында изилдөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында Баткен, Жалал-Абадда балдардын 90% туура эмес тамактана турганы аныкталган. Алты айдан эки жашка чейинки балдардын 90% бир суткада азыктануусуна печенье, газдалган суусундук, чипсы, туздалган печенье баштаган зыяндуу азыктарды жей турганы айтылган.

Соңку жылдары Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары жалпы өлүмдүн жарымынан көбүнө себеп болуп жатканы айтылып келет. Расмий маалыматтарда жылына 18 миңге чукул кыргызстандык жүрөк-кан тамыр ооруларынын айынан көз жумат. Адистер акыркы жылдары инсульт жана инфаркт жашарганын айтып, коңгуроо кагып келишүүдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG