Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Жапаров: БАЭ менен түзүлгөн келишим аркылуу деңизге чыгууга жол ачылат


Документтерге кол коюу учуру. Бириккен Араб Эмираттары
Документтерге кол коюу учуру. Бириккен Араб Эмираттары

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен сооданы өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча эки негизги документке кол коюлганын билдирди.

Биринчи макулдашууга ылайык, Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги жана “AD Ports Group” документке кол койду. Анын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын компаниясы логистикалык борборду жана бажы аймагын өнүктүрүү жана иштетүү үчүн аймактагы эң заманбап портко - Абу Дабидеги Халифа портко (Khalifa Port) жакын жайгашкан КЕЗАД – (Khalifa Economic Zone Abu Dhabi (KEZAD) эркин экономикалык аймагында 300 миң чарчы метрден ашык жерди бөлүп берген.

Экинчи макулдашууга ылайык, “Maqta Gateway” Кыргызстандын Финансы министрлиги үчүн бажы жана чек ара көзөмөлүн, инфраструктураны, анын ичинде улуттук бирдиктүү терезени түзүү менен санариптештирүүгө жардам берет.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул келишимдер Кыргызстандын деңизге чыгуусуна шарт түзөрүн айткан.

Быйыл октябрь айында президент Садыр Жапаровдун Абу-Дабиге сапарынын жыйынтыгында Кыргызстан менен БАЭ ортосунда уставдык капиталы 100 миллион долларлык биргелешкен холдинг ачуу макулдашылган.

Эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер 1996-жылы түзүлүп, 1999-жылы Дубай шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу, 2014-жылы элчилиги ачылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG