Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Бишкек: Мэр таштанды заводу боюнча маселе дээрлик чечилгенин айтты


Таштанды полигону.
Таштанды полигону.

Бишкекте таштанды полигонун иретке келтирип, таштандыны кайра иштете турган заводду куруу маселеси дээрлик чечилип калганын 15-декабрда Жогорку Кеңеште борбор калаадагы ыш маселеси талкууланып жатканда мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Ал эки чоң компания менен сүйлөшүүлөр аяктап калганын, парламенттин Бишкекте 2023-жылы таштандыны кайра иштетүү заводу курулушу керек деген тапшырмасы аткарылаарын айтты:

“Бирөө чехтердин компаниясы, бирөө америкалык. Америкалык ишкана таштандыны 95% кайра иштетет, чехиялык компания 70%. Экөөнүн баасы ар кандай. Каржылоо булагы чечилген”.

Бишкектин таштанды маселеси бир топ жылдан бери орчундуу көйгөй болуп келе жатат. Завод курулары да көптөн бери айтылууда. Проблеманы чечүү үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) бөлгөн акча туура эмес пайдаланылганы жөнүндө маселе өткөн аптада Жогорку Кеңеште талкууланган. Анда прокуратура өкүлү текшерүүнүн жыйынтыгында беш кылмыш иши козголгонун билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG