Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Мариуполду калыбына келтирүүгө казактар тартылып жатканы кабарланды


Мариуполдо талкаланган үй жана анын жанынан өтүп бараткан тургун.
Мариуполдо талкаланган үй жана анын жанынан өтүп бараткан тургун.

Орус күчтөрү көзөмөлдөп турган Мариупол шаарын калыбына келтирүүгө казакстандык жумушчулар да тартыла баштаганы кабарланууда. Бул тууралуу казакстандык Knopka басылмасы жазды. Анда куруучулар 15-декабрда жөнөр кетери айтылган.

Иш берүүчү "Север" агенттиги жумуш издегендер көп экенин, Орусия аларга айына эки миң долларга чукул айлык акы убада кылгандар да бар экенин маалымдаган.

"Азаттыктын" казак кызматы өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетине, Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине кайрылып, Мариуполго жөнөп жаткан мигранттар тууралуу комментарий ала алган жок.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар түзгөн Телеграм каналдарда да Мариуполго жумушка чакырган жарыялар чыгып жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин ал жакка тажикстандык мигранттар барганы, бирок айлыктарын толук ала албай жүргөнү белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG