Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Чаткалда дайынсыз болуп жаткан үч киши аман табылды

Чаткал. Архивдик сүрөт.
Чаткал. Архивдик сүрөт.

Чаткалда кен казуучу ишкананын дайынсыз болуп жаткан үч жумушчусу аман-эсен табылганын 16-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя Кара-Буура ашуусунда болгон. Жумушчулар Каныш-Кыя айылын карай жолго чыгышкан. Алар дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине төрт куткаруучу унаа менен чыгып, аларды таап келишкен. Учурда баарынын абалы жакшы.

Чаткалда алтын кени казылат.

​
XS
SM
MD
LG