Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Баткен аэропортун оңдоп-түзөө иштери уланууда


Баткен аэропорту.
Баткен аэропорту.

Баткен шаарындагы аэропортту жаңылоо иштери дээрлик аяктап калды.

"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова "Азаттыкка" билдиргендей, аба майдандын учуу-конуу тилкеси жана негизги иштери бүткөн. Аба ырайына байланыштуу айрым жумуштар кеч аткарылууда.

Учурда Жарандык авиация агенттигинин кызматкерлери аэропортто текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Толук текшерилип сертификациядан өткөн соң, аэропорттун иштешине уруксат берилет. Курбанова андан кийин каттамдар коюлуп, учактар каттай баштай турганын билдирди.

"Баткен" аба майданы оңдоо иштерине байланыштуу 1-августта үч айга жабылган. "Манас" аэропорту иштин пландалган мөөнөттө бүтпөй калганын кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, туруксуз аба ырайы менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG