Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:58

Адвокат Гүлнара Журабаева өз алдынча баса албай калганын билдирди


Гүлнара Журабаева сот залында. 9-ноябрь, 2022-жыл. Бишкек
Гүлнара Журабаева сот залында. 9-ноябрь, 2022-жыл. Бишкек

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын бири, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаевнын абалы оорлоп, өз алдынча баса албай калганын анын адвокаты Бакыт Автандил Фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматта Журабаеваны Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери экспертиза дайындоо токтому менен тааныштыруу үчүн алып кетүүгө келгени жазылган.

"Бирок, Журабаеванын дене табы 39га жетип, алсыз болгондуктан өз алдынча чыга алган жок. Тергөө абагынын медициналык бөлүмү Журабаеванын абалы оорлоп кеткенге чейин анын ден соолугуна көңүл бурган эмес. Тергөө аракеттери башка күнгө жылдырылды", - деп жазган адвокат.

Милициядан жана Жаза аткаруу кызматынан бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 19-декабрда ачкачылык кармап жаткандардын баарынын саламаттыгы туруктуу экенин, дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын билдирген.

Буга чейин акыйкатчы Атыр Абдрахматова Саламаттык сактоо министрлигине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылган. Ал өз катында абактагылардын саламаттыгын атайын комиссия техшерип чыгышы керектигин, бул комиссияга укук коргоочулар дагы кириши зарыл экенин жазган. Акыйкатчы Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын саламаттыгы тынчсыздануу жаратарын белгилеген.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 25тен ашуун кишинин 15и ачкачылык кармап, айрымдарынын наар албай жатканына бир аптадан ашты. Саясатчы Азимбек Бекназаров менен журналист Айданбек Акматов ден соолугунан улам ачкачылыкты токтотконун 22-декабрда акыйкатчы Атыр Абдрахматова "Азаттыкка" билдирген.​

Байыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

ИИМ камактагы бул адамдар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Кийин аларга тагылган айып "Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" беренесине алмаштырылып жатканы маалымдалган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

17-декабрда президент Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандардын "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп эсептерин айткан. (КЕ)​

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG