Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

Кадамжайдагы комбинат айына 200 тонна сурьма чыгарууну пландап жатат


Садыр Жапаров Кадамжай сурьма комбинатына барды. 25-декабрь, 2022-жыл
Садыр Жапаров Кадамжай сурьма комбинатына барды. 25-декабрь, 2022-жыл

Ушул тапта айына 30-40 тоннага жакын көлөмдөгү металл сурьма чыгарып жаткан Кадамжай сурьма комбинаты, айлык көрсөткүчтү 200 тоннага жеткирүүнү пландоодо. Суткасына орто эсеп менен 600-700 тонна кен казылып алынса, келечекте 1000 тоннага жеткириле турганы президент Садыр Жапаров 25-декабрда аталган комбинаттын ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда айтылды.

Мамлекет башчыга 1936-жылы ишке киргизилген ишкана 2021-жылдан бери түрк инвесторунун келиши менен ишмердүүлүгү жакшырганы айтылган. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, металлургиялык заводдон тышкары комбинаттын өндүрүштүк бөлүмдөрүнө көмөкчү цехтер, фабрикалар жана негизги өндүрүштү тейлөөчү участоктор кирет. Учурда комбинатта 600дөн ашык адам үч сменде иштейт.

Жапаров жамаат менен жолугушуп, мамлекет өнөр жайды өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүп, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого күч-аракетин жумшап жатканын белгиледи.

Ушул эле күнү президент Айдаркен-Кадамжай автоунаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Кадамжай-Айдаркен-Чечме автожолу Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 127-179-чакырымында жайгашкан. Жолдун жалпы узундугу 54 чакырым, анын 48 чакырымы асфальт-бетон менен төшөлгөн. Азыркы учурда иштер 90% бүткөрүлдү.

Сурьма комбинатын казакстандык ишкерлер 2005-жылы сатып алган. Алар комбинаттын сегиз миллион долларлык карызын төлөөгө жана 11 миллион доллар өлчөмүндө инвестиция салууга убада беришкен. Бирок комбинаттын карызы көбөйүп, жалпысынан 180 миллион сомдон ашык бересе болуп калганы кабарланган. 2016-жылдан баштап комбинатта иш дээрлик аткарылган эмес. 2020-жылы жайында Кадамжай сурьма комбинаты Жогорку соттун чечими менен банкрот деп табылган. 2021-жылы түркиялык "Дуваташ" фирмасы менен инфестициялык келишим түзүлгөн.

"Дуваташ" фирмасынын аты Кадамжай сурьма комбинаты менен Айдаркен сымап комбинаттарына башкы инвестор катары аталып келет. Салык кызматы жарыялаган тизмеге ылайык, ишкана 2022-жылдын февралына карата салык боюнча 44 млн. сом карызы менен топ-10 тизмесине кирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG