Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:06

Рим папасы майрамдык кайрылуусунда Ирандагы акцияларга да токтолду


Рим папасы Франциск.
Рим папасы Франциск.

Рим папасы Франциск 25-декабрда Ватикандагы Ыйык Петр чиркөөсүнөн салттуу Рождестволук кайрылуусунда дүйнөдөгү апаат окуяларды токтотууга үндөдү.

Ал Украинадагы “акылсыз” согушту токтотууга чакырып, бул Рождествону украиналыктар үйлөрүнөн алыс, же караңгыда жана суукта тосуп жатканын белгиледи. Ошондой эле Ооганстанда, Йеменде, Сирияда, Мьянмада жана Израил-Палестина чатагында кыйынчылыкка дуушар болгондор тууралуу сүйлөдү. Ирандагы кыз-келиндердин укугу үчүн үч айдан бери уланып нааразылык акцияларына биринчи жолу кайрылып, "элдешүүгө" чакырды.

Дүйнөдөгү христиандар бул күндөрү Ыйса пайгамбардын туулган күнүн белгилеп жатышат.

Рождество - христиан дининдеги эң чоң майрамдардын бири. Аны католиктер менен протестанттар 25-декабрда, православдар 7-январда тосушат.

XS
SM
MD
LG