Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

HRW Өзбекстандагы Маалымат кодексинин долбоорун сындады


Өзбекстандын президентинин аппаратына караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги Маалымат кодексинин долбоорун артка чакыртып алуусу керек. Бул тууралуу Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму 23-декабрда тараткан билдирүүдө айтылат. Уюм эгер бул кодекс кабыл алынса, сөз эркиндигинин бузулушуна алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

"Мыйзам чыгаруучулар пикир эркиндиги жана дискриминацияга жол бербөө принциби үчүн олуттуу кесепеттерди эске албай туруп, бул мыйзам долбоорун кабыл алууга шашылбашы керек. Аны кароодон мурун депутаттар документтин адам укуктары боюнча эл аралык нормаларга толук жооп берерине ынанышы зарыл”, - деди HRW уюмунун Борбор Азия боюнча улук илимий кызматкери Мира Ритман.

Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги даярдаган кодекс 14-декабрда "Ченемдик-укуктук документтерди талкуулоо порталына" жарыяланып, 29-декабрга чейин талкууга коюлган.

Кодекс жалпыга маалымдоо каражаттары, маалыматтын кепилдиктери жана эркиндиги, журналисттик ишмердүүлүктү коргоо, балдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоо сыяктуу сегиз мыйзамды бириктирет. Укук коргоочулар жаңы эрежелерде адам укуктарын чектеген, журналисттерди жана блогерлерди "тизгиндеген" нормалар бар деп эсептешет. Азчылыктарга каршы басмырлоо күчөшү мүмкүн деп тынчсызданышууда. Ошондой эле мындай маанилүү документти талкуулоого эки апта аздык кыларын белгилешкен.

Ташкенттен буга азырынча комментарий боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG