Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:17

Баткен: Үйлөр убагында бүткөн жок, курулуш компаниясын жоопко тартуу сунушталды


Баткен. Кулунду айылы.2022-жылдын сентябры.
Баткен. Кулунду айылы.2022-жылдын сентябры.

Баткенде талкаланган үйлөрдүн ордуна жаңыларын куруп бере турган компания өз милдетин аткарбаганы бүгүн 27-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында айтылды.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев билдиргендей, «Аманат Курулуш Инвест» компаниясы үйлөрдү жаңы жылга чейин куруп бүтмөк, бирок жетишкен жок. Өкмөт тийиштүү 1 миллиард 400 миллион сомун бөлүп берген, бирок бүгүнкү күнгө карата пландалган 400дөн ашуун үйдүн экөө гана пайдаланууга берилди.

Депутаттар эмне үчүн бир гана курулуш компаниясы тандалып алынганын, ал алган акчасынын 30% боюнча эле отчет бергенин, келишимди камсыздоо кепилдиги 130 миллион сом экенине карабастан 5 миллион сом гана которгонун белгилеп, анын жоопкерчилигин кароону сунуш кылышты.

“Анда эмнеге кечээ президент Баткенге барганда аксакалдар “Келгениңиз үчүн рахмат” деп бактылуу болуп кол чаап отурушат? Мындай алдамчылыктын кереги жок. Силер ошол жерден паника кылышыңар керек болчу. Курулуш компаниясын, анын ээлерин жоопко тартыш керек эле – түрмөгө отургузуп эмес, материалдык жоопко тартып. Бул жерде коррупция бар деген ой келүүдө. Курулуш компаниясы боюнча тергөө органдарына тапшырма берип койсок ашыкча болбойт. Бир карап чыгышсынчы, - деди депутат Исхак Масалиев.

Нуртазин Жетибаев аталган компания өзгөчө кырдаал шартына ылайык, жоопкерчилик бир ишканада болушу зарыл деген көз караштан улам тандалып алынганын, курулуш иштери убада кылынган мөөнөттө бүтпөй жатканына байланыштуу маселе өкмөттүн жыйындарында көтөрүлүп келатканын билдирди.

Жалпысынан депутаттар Баткен облусун калыбына келтирүү иши чабал жүрүп жатканын айтып, нааразылыгын айтышты.

Былтыр жазында жана быйыл сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон. Миңдеген адам үй-жайын таштап качууга мажбур болгон, алардын айрымдары коопсуздук маселесинен улам үйүнө кайта электиги парламентте бир нече жолу айтылды.

Бийлик жаңы үйлөрдү эки-үч айда куруп берүүнү убада кылган болчу.

«Аманат Курулуш Инвест» компаниясы депутаттардын дооматтары боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG