Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

БУУ Ооганстандагы айрым программаларын токтотту


Ооганстандык аялдар.
Ооганстандык аялдар.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ооганстанда аялдардын гуманитардык жардам көрсөткөн бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнө тыюу салганына байланыштуу айрым программаларын токтотуп жатат. Бул тууралуу The Guardian БУУнун өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө таянып кабарлады.

Уюм "аялдардын гуманитардык иштерге катышуусу талкууланбашы керек жана мындан ары да улантылышы кажет" экенин белгилеп, аял-кызматкерлердин жетишсиздигинен айрым иш-чараларды токтотууга туура келгенин маалымдады.

Ооганстанда эл аралык коомчулук тааныбаган талибдердин администрациясы 24-декабрда исламдык дресс-код эрежесинен улам бейөкмөт уюмдарда иштеген кыз-келиндерге жумушка чыкпоого буйрук берген.

Жаңы эрежеге макул болбогон айрым чет элдик гуманитардык уюмдар Ооганстандагы ишмердигин токтотконун жарыялашты. Алар аял-кызматкерлер болбосо, кыз-келиндерге медициналык кеңеш сыяктуу маанилүү кызматтарды көрсөтө алышпайт. АКШ, Улуу Британия, Европа Биримдиги талибдердин бийлигинен бул буйруктан баш тартууга чакырышты.

2021-жылдын жайында катаал исламчыл “Талибан” кыймылы бийликке келген. Бул кыймыл Кыргызстанда "экстремисттик" деп табылып, сот анын ишмердигине 2006-жылы тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG