Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

Туризмди колдоо үчүн микрокредиттик компания түзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ишканасы 2023-жылы туризм тармагындагы чакан жана орто бизнес үчүн микрофинансылык компания түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу мекеменин вице-президенти Кайрат Итибаев "Азаттыкка" билдирди.

Микрофинансылык компанияга фонддун эсебинен 100 миллион сом капитал салынат. Итибаев бул долбоор туризм тармагындагы ишкерлер үчүн бизнесин өнүктүрүүгө шарт түзө турганын билдирди.

17-мартта кыргыз өкмөтү "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомун түзүп, уставдык капиталын 1 млрд. сом деп белгилеген. Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.

Кыргызстанда учурда 67 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт. Чек ара кызматынын маалыматына таянсак, турист катары келгендердин эң көбү Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Европа жана Араб өлкөлөрүнүн жарандары. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG