Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Косово Сербия менен чек арадагы Мердаре өткөрүү пунктун кайра ачты


Митровицада тартылган сүрөт.
Митровицада тартылган сүрөт.

Жарым-жартылай таанылган Косовонун түндүгүндө этникалык сербдер тургузган тосмолор алдыдагы эки күндүн ичинде алып салынат. Мындай билдирүүнү Сербиянын президенти Александр Вучич АКШ менен Евробиримдик аймактагы чыңалууну басаңдатууга чакыргандан кийин жасады.

Косовонун полициясы Сербия менен чек арадагы Мердаре өткөрмөсүн кайра ачканын "Азаттык" радиосуна ырастады. Өткөрмө пунктунан эки жарым чакырым ары аралыкка сербдер орноткон тосмо алынары тууралуу кабарлангандан кийин Косово бийлиги чек араны ачты.

Мердаре - жарым-жартылай таанылган Косовонун эң маанилүү чек ара бекети жана анын жабылышы чет өлкөдө иштеп, эс алуу үчүн мекенине кайтып келген косоволуктар үчүн кошумча кыйынчылыктарды жаратат.

Бирок Митровица шаарында тосмо катары колдонулган жүк ташуучу автоунааларды Вучичтин чечимине макул болбогон этникалык сербдер өрттөгөнү тууралуу айтылууда.

Косовонун түндүгүндөгү кырдаал декабрдын башында "жергиликтүү шайлоого даярдык көргөн аткаминерлерге зордук-зомбулук көрсөткөн" деп айыпталган мурдагы серб полиция кызматкери Деян Пантич кармалгандан кийин курчуп кеткен. Косово өкмөтү бул чыңалууну басаңдатуу үчүн 28-декабрда Пантичти бошотконун жарыялады, муну анын адвокаты "Азаттыкка" тастыктап, үй камагында экенин билдирди.

Мурдараак 600дөй серб өкүлү бийлик органдарынан кетип калган. Муну менен алар Косово өкмөтүнүн Сербиянын жаңы автоунаа номурларын тааныбоо чечимине нааразылык көрсөтүшкөн.

Акыркы жагдайлардан улам кошуна Сербия армиясын күжүрмөн даярдыкка келтирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG