Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Украинада Полтаванын мэри жашыруун маалыматты тараткан деп шектелүүдө


Украинанын коопсуздук кызматы.
Украинанын коопсуздук кызматы.

Украинаны Полтава шаарынын мэри Александр Мамайга Куралдуу күчтөргө байланыштуу маалыматты уруксатсыз тараткан деген айып тагылды. Ал 12 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин Украинанын Коопсуздук кызматы билдирди.

Тергөөнүн версиясына караганда, ал мамлекеттик күч органдарынын жашыруун маалыматтарын жарыялап салган. Кабарларга ылайык, Полтава шаардык кеңешиндеги басма сөз жыйынында Мамай бийликтин жаңы аскер бөлүгүн түзүү планы тууралуу сүйлөгөн. Ал ошондой эле бул бөлүктүн так кайда жайгашаарын айткан.

Буга чейин "Полтавщина" басылмасы коопсуздук кызматы Полтава шаардык кеңешинде тергөө жүргүзүп жатканын жазган.

Адатта согуш болуп жаткан мамлекеттерде аскердик аракеттер өзгөчө сыр сакталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG