Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Казакстан согуштан качкан майорду Орусияга өткөрүп берди


Жилин үй-бүлөсү менен.
Жилин үй-бүлөсү менен.

Казакстан сентябрда согуштан качып келген Федералдык күзөт кызматынын майору Михаил Жилинди Орусияга депортациялады. Бул тууралуу Сибирь.Реалии сайтына анын жубайы Екатерина билдирди. Анын айтымында, Жилинди Алтай аймагына алып баратышат.

Майордун экстрадициясы күтүлүп жатканын 29-декабрда Казакстандын адам укуктары боюнча бюросу да билдирген.

Орус бийлиги чек арадан мыйзамсыз өткөн жана дезертирлик кылган деп издөө салган Жилинди 6-декабрда кармаган. Ал сентябрда украин согушуна жөнөтүлөрүн билгенде орус-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн.

Екатерина Жилинанын айтымында, күйөөсүнүн качкын макамын алуу процедурасы аяктай элек болчу. Майор казак жергесине өтүп, 24 сааттын ичинде саясий башпаанек сураган. Мыйзам боюнча бул факт чек арадан мыйзамсыз өттү деген айыпты алып салууга өбөлгө түзөт. Андан тышкары казак мыйзамдары мыйзамсыз жол менен келгендерди артка кайтарууга уруксат бербейт. Буга карабай 2-декабрда сот Жилиндин депортациясы тууралуу чечим чыгарды.

36 жаштагы майор Новосибирск шаарында Путиндин региондор менен өкмөттүк байланышы үчүн жооп берчү. Мамлекеттик сыр маалымат менен иштегендиктен, ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Жакындары Орусияда аны түрмөгө камайт деп кооптонуп жатышат.

Казакстан качкындарды күчтөп кайтаруу жана депортациялоого тыюу салган эл аралык конвенцияга кол койгон. Бирок ички иштер министри Марат Ахметжанов Орусия мобилизациядан качкандарга эл аралык издөө жарыяласа, Астана аларды депортациялай турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG