Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

8-декабрда өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт


Бишкек.
Бишкек.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 8-январда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +6…+11;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз +5…+10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +3...+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -1…-6;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16...-21, күндүз -1...-6.

Бишкекте түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнү 0…2°, күндүз 9…11° жылуу болот. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG