Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Чаткалда кар көчкү жүрүп, жол жабылды


Чаткал. 8-январь, 2022-жыл.
Чаткал. 8-январь, 2022-жыл.

8-январда Чаткал районундагы Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымына кар көчкү түшүп, жол толугу менен жабылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 7 миң 725 куб метрге жетет. Учурда №27 жол тейлөө ишканасынан жана Чаткал айыл аймагынан тартылган эки техника тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

Кыргызгидромет кызматы 9-11-январдагы жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 55-107-чакырымдарында, Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка-Акташ автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымалдыгын эскертти. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG