Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Арменияда орус базасынын жанындагы акцияда 100 киши кармалды


Армениянын Гюмри шаарындагы Орусиянын аскер базасына жакын жердеги нааразылык акциясы, 8-январь, 2023-жыл.
Армениянын Гюмри шаарындагы Орусиянын аскер базасына жакын жердеги нааразылык акциясы, 8-январь, 2023-жыл.

Армениянын Гюмри шаарындагы Орусиянын аскер базасынын жанындагы нааразылык акциясында 100дөн ашуун киши кармалды. Бул тууралуу акцияны уюштурган «Улуттук демократиялык полюс» саясий кыймылы билдирди.

Демонстранттар аскердик базага кеткен жолду тороп, орустардын тынчтык орнотуучу контингентинен Лачин коридору аркылуу Тоолук Карабакка кеткен жолду ачууну талап кылышты.

Эгер тынчтык орнотуучулардын аракети байкалбаса аларды «баскынчылар» деп атай турганын айтышты.

"Орусиянын 102-базасы Арменияны, анын ичинде Тоолуу Карабакты басып алды деп жарыялайбыз», - деди кыймылдын мүчөсү Ваге Гаспарян.

Лачин коридору – Тоолуу Карабакты Армения менен туташтырган жалгыз жол. 2020-жылкы согуштан кийин Армения менен Азербайжан кол койгон келишимге ылайык Лачин району Бакунун көзөмөлүнө өткөн. Лачин коридорун болсо Орусиянын тынчтык орнотуучу миссиясы көзөмөлдөйт.

Былтыр декабрдын ортосунда бул жолду азербайжандык активисттер тосуп, Тоолуу Карабактын аймагында армян бийлиги "табигый ресурстарды казып жатат" деп чыгышкан.

Армян бийлиги Лачин коридорунда жол жабылгандан кийин Тоолуу Карабакка тамак-аш жана башка күндөлүк зарыл товар жетпей, аймак гуманитардык кризистин алдында турганын билдирди. Премьер-министр Никол Пашинян орусиялык тынчтык орнотуучуларды эч бир чара көрбөгөнү үчүн айыптады.

Баку Азербайжандын аймагында мыйзамсыз ишмердигин улантуу үчүн Ереван эл аралык коомчулукту атайылап жаңылыштыкка түртүп жатат деп билдирди.

2020-жылы эки өлкө Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

XS
SM
MD
LG