Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:43

Өкмөт ишкерлерди колдоого бюджеттен 2 млрд. сом бөлүнөрүн кабарлады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылы Финансы министрлиги чакан жана орто ишкерликти колдоо долбоорлору үчүн бюджеттен коммерциялык банктарга 1 млрд. 756 млн. сом бөлдү.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 12-январда билдирди. Маалыматка караганда, 2023-жылы бул максат үчүн 2 млрд. сом бөлүнмөкчү.

"Ушу тапта ишкерлер 1 млн. сомдон 3 млн. сомго чейин пайызсыз насыяларды алууда. Жалпы төрт миңден ашуун ишкер үстөксүз насыя алды", - деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Былтыр жайында жер-жерлерде өкмөт убада кылган пайызы төмөн насыялар аз берилип жатат деген нааразылыктар айтылган.

Министрлик каалаган ишкерлер жеке жана каржы секторун өзгөчө кырдаалда колдоо долбооруна катышкан коммерциялык банктар аркылуу каржылык жардам алса болорун билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG