Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Маданият жана искусство университетине Түмөнбай Колдошов ректор болду


Түмөнбай Колдошовду жамаатка тааныштыруу учуру.
Түмөнбай Колдошовду жамаатка тааныштыруу учуру.

Обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошов Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин ректору болуп дайындалды.

Аны 12-январда университеттин жамаатына билим берүү жана илим министринин орун басары Талантбек Бекташов менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов тааныштырды.

Декабрда жетекчилик кызматка сынак жарыяланып, талапкерлерден документ кабыл алуу 28-декабрда аяктаган.

Натыйжада алты адам, алардын үчөө ошол мекемеде иштегендер талапкер болгон. Эң көп добушту, алдын ала эсептөө боюнча, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов алганы маалымдаган.

Бирок окуу жайдын жамааты сынактын талаптары жана шарттары бузулганын айтып, нааразылык билдирип чыгышты. Алар 11-январда видео кайрылуу жарыялап, жетекчи сырттан эмес, жамааттын ичинен чыккан адам болсун деген талапты айтышкан.

Университетти 2014 -жылдан бери башкарып келген мурдагы ректор Мамашарип Чотонов былтыр 8-декабрда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Түмөнбай Колдошов былтыр сентябрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалган. Ага чейин ал Бишкек музыкалык-педагогикалык коллежинин жетекчиси болчу. (MZh/BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG