Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Талас: Кыйноолорду алдын алуу борбору камактагылардан кабар алды


Таластагы жооптуу кызматкерлерди кармоо учуру.
Таластагы жооптуу кызматкерлерди кармоо учуру.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Таластагы өкүлү Нурлан Абдраимов коррупцияга шектелип кармалгандар менен жолугуп чыкканын 12-январда "Азаттыкка" билдирди.

Анын маалыматына караганда, убактылуу кармоочу жайда отурган Талас шаарынын вице-мэри Максат Байжигитов, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Адылбек Жусупбеков, анын орун басары Азиз Курамаев арыз-даттануу айтышкан эмес.

Кармалгандардын бөгөт чарасы 11-январда Талас шаардык сотунда каралып, Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Марат Долдоев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Калган үчөө 31-январга чейин камакта калган.

Байжигитовго да "Тез жардам" чакыртылып, аны дарыгерге көрсөтүү сунушу берилген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Талас шаардык мэриясындагы жер тилкелерин ижарага берүүдөгү коррупциялык схемага байланыштуу төрт кызмат адамы кармалганын 10-январда билдирген. 2020-2022-жылдагы коррупциялык схемалардын алкагында бюджетке келтирилген чыгымдын суммасы 30 млн. сомдон ашканын айткан.


Талас шаардык кеңешинин депутаттары кармоолор мыйзамсыз болгонун жана шаардын бюджетине ижара акыдан көп сумма түшпөй турганын айтып чыгышкан. Камалгандардын жакындары азырынча комментарий бере элек. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG