Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Кемпир-Абад иши: Камактагылардын жакындарынын үстүнөн соттук териштирүүлөр башталды


Толгонай Солтонова сот залында. Сүрөт "Апрель ТВнын" түз эфиринен алынды.
Толгонай Солтонова сот залында. Сүрөт "Апрель ТВнын" түз эфиринен алынды.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып отургандардын жакындарынын үстүнөн соттук териштирүүлөр башталды. Бүгүн 12-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Талас облусунун мурдагы башчысы, активист Айбек Бузурманкуловдун жубайы Толгонай Солтонованын соту болду.

Анда 10-январдагы окуя кандай болгону териштирилип, милиция кызматкери Бекжан Бектурсунов жана Солтонова өзү көрсөтмө беришти.

Милициянын өкүлү ал күнү отуздай демонстрант кармалганын, бешөөнө (экөөнө Укук бузуулар жөнүндө кодекстин "Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу" деген 139-беренесинин жана үчөөнө "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" деген 128-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, калгандары түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кое берилгенин маалымдады.

128-берене боюнча айыпталып жаткан Солтонова 10-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына тынч акцияга чыгышканын, ал жактан милициянын талабын аткарып, Максим Горький атындагы бакчага жөнөп баратканда кармап кетишкенин айтып берди.

Милиционер Бектурсунов судьянын “Солтонова сиздерге кандайча баш ийген жок?” деген суроосуна “Абдумомунов көчөсүнөн, Жогорку сот турган жерден өткөнгө болбойт, чектөө бар деп айтканбыз” деп жооп берди.

Судья ал жерде тынч жыйындарды өткөрүүгө болбойт деген чектөө жок экенин айтты.

Бүгүнкү жыйын судьянын башка процесске катыша турганына байланыштуу убактылуу токтотулуп, кийинки отурум 17-январга белгиленди.

Былтыр октябрда Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдиргендердин жыйыны өтүп, натыйжада курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Баары тең азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Биринчи Май райондук сотунун аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

10-январда камактагылардын жакындары, болжол менен жүздөй адам ИИМ алдына акцияга чыккан. Алар мыйзамдуулукту талап кылган ураандарды айтып турушкан. Көп өтпөй отуз чактысын, арасында улгайган адамдарды Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына кармап кетип, кийин кое беришкен.

ИИМ кармоого алар плакаттарды, ар кандай чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөгөнү себеп болгонун, анын баары мыйзамсыз экенин билдирген жана документтер сотко жөнөтүлөрүн маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG