Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Милиция кытай ишкерлерин тоноого шектүүлөр кармалганын билдирди


Сокулукта кармалган шектүүлөр.
Сокулукта кармалган шектүүлөр.

Кытай ишкерлерин тоноого шектүү беш адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматында 9-январда Сокулук районунда кытай ишкерлерин тоноп кеткен факты катталган.

"Таңкы саат беште Сокулук кыштагындагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан "Ремп Груп" ишканасына бир нече адам кирип келип, кытайлык эки ишкер менен ишканадагы кызматкерлерди сабап, 650 миң сомун тоноп кеткен. Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 207-берене ("Талоончулук") катталып, тергөөнү Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатат", - деп жазылган маалыматта.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы менен Сокулук райондук милициясы кармагандардын бири кылмыштуу топтун мүчөсү деп шек саналган, Балыкчы шаарынын тургуну. Ушу тапта тергөө жүрүп жатат.

Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын былтыр Улуттук статистика комитети маалымдаган. Ички иштер министрлиги майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын билдирген.

Белградда жайгашкан Numbeo сайты 2022-жылы дүйнөдөгү 142 өлкөдөгү криминалдык кырдаалдын деңгээлин аныктаган. Анын тизмесинде Кыргызстан кылмыштуулук күч алган 50 өлкөнүн ичине кирип, 36-орунду ээлеген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG