Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Майлуу-Суу: Токтоп калган үч отказандын бири иштей баштады


Майлуу-Суу шаары. Сүрөт ӨКМдин видеосунан алынды.
Майлуу-Суу шаары. Сүрөт ӨКМдин видеосунан алынды.

Майлуу-Сууда иштебей жаткан отказандардын бири бүгүн 16-январда кайрадан пайдаланууга берилгенин энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов билдирди:

“Бүгүн эртең менен саат беште №1 отказан жылуулугун бере баштады. №3 жана №4 отказандарга суу келе элек. Ошол жерде жумуштар уланууда”.

Сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү системасы иштебей калганына байланыштуу Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланганын 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, таза суу сакталуучу резервуардын түтүктөрү тоңуп калып, 12-январда шаарды суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Суунун жоктугунан №1, №3 жана №4 отказандардын иши токтогон.

Кыргызстанда өткөн аптада быйылкы кыш башталгандан бери эң суук күндөр болду. Жалал-Абад облусунда абанын температурасы түнкүсүн 20 градуска чейин суук болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG