Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:33

Сасык тумоо соңку аптага салыштырганда көбүрөөк катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда сасык тумоо кайрадан көбөйө баштаганын 16-январда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 9-15-январда тумоологон 8366 бейтап катталды. Бул ага чейинки бир аптадагы көрсөткүчкө салыштырганда 0,7% көп.

Быйылкы эпидемиологиялык сезондо сасык тумоонун А түрү катталууда.

Ал эми COVID-19 менен соңку бир аптада эки бейтап катталганы маалымдалды.

Күз-кыш убагындагы соңку сасык тумоо эпидемиясынын эң оор мезгили декабрдын ортосуна туш келген. Ага чейин ооругандар аптасына 9 миңдин тегерегинде болуп жатса, 16-декабрга карата бир күндүк көрсөткүч 9 миңден ашкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG