Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:54

ТИМ: Казакстанда көзөмөлсүз калган беш кыргызстандык бала былтыр мекенине кайтарылган


Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.

Былтыр Казакстандын аймагында көзөмөлсүз калган кыргызстандык беш бала мекенине кайтарылганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мындан тышкары, мекеменин маалыматына караганда, 2022-жылы Алматы шаарындагы Башкы консулдук кыргыз диаспорасынын жана казак мамлекеттик органдарынын көмөгү менен бул өлкөнүн аймагында оор абалда калганы үчүн жардам сурап кайрылган 30 кыргыз жараны өлкөгө кайтарылган.

Айрымдары документи жок жана Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө өз алдынча жетүүгө шарты жок болгондуктан аларга тийиштүү жардам көрсөтүлгөнү маалымдалды.

Кыргызстандын эмгек министрлигинин соңку маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 1,2 миллионго жакын кыргызстандык чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын 1,06 миллиону Орусияда, 30 миңге чукулу Казакстанда, калгандары башка өлкөлөрдө. (RK)

XS
SM
MD
LG