Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Бишкекте күркөдө жашаган үй-бүлө SOS-кыштакчага жайгаштырылды


Бала эмизип жаткан аял. Иллюстрациялык сүрөт.
Бала эмизип жаткан аял. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте күркөдө жашаган үй-бүлө “SOS-Балдар кыштакчасынын” базасындагы убактылуу жашоо борборуна жайгаштырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, борбордун Октябрь районунда Аким Кызайбаев аттуу жаран аялы, жашы жете элек 4 баласы менен Беларус жана Соң-Көл көчөлөрүнүн кесилишиндеги чакан күркөдө жашаганы аныкталган. Анда балдарды тарбиялоого жана багууга эч кандай шарт болгон эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызстанда катуу суук болору тууралуу эскертүүсүнөн кийин мэриянын социологдору милиция кызматкерлери менен чогуу ал жерге барып, балдарды алып кетүүгө аракет кылышкан. Үй-бүлөнүн атасы Кызайбаев каршылык көрсөткөн жана милицияга жеткирилген.

Балдардын энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, наристелер менен чогуу “SOS-Балдар кыштакчасына” баруу сунушталган. Ал макул болуп, убактылуу жашоо үчүн ошол жакка жеткирилди.

“SOS-Балдар кыштакчасы” дүйнөдөгү ата-энесиз жана кароосуз балдарга акысыз жардам көрсөткөн эл аралык кайрымдуулук уюму. Аны австриялык гуманист Герман Гмайнер негиздеген. Учурда 136 өлкөдө иш алып барат.

Уюм Кыргызстанда 1996-жылдардан тартып иштей баштаган. Мекеме Бишкекте жана Чолпон-Ата шаарында эки “SOS-Балдар бакчасын” жана эки “SOS-Балдар кыштакчасын” иштетет. Аларда 300дөй бала бар. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG