Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Окуучулардын улуттук олимпиадасы 21-январда башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мектеп окуучуларынын математика, физика, химия, биология жана информатика сабактары боюнча улуттук олимпиадасы 21-январда баштала турганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, олимпиада төрт этап менен өткөрүлөт.

I этап – январь (онлайн режимде)
II этап – февраль (онлайн режимде)
III этап – март (офлайн режимде)
IV этап – апрель (офлайн режимде)

Улуттук олимпиадага окуган классына карабастан бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн окуучулар электрондук каттоодон өтүүгө тийиш. Окуучуларга улуттук олимпиадага жана республикалык олимпиадага дагы катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Билим берүү жана илим министрлиги зээндүү мектеп окуучуларын аныктоо, алардын билимин өркүндөтүү, чыгармачылык жөндөмүн илимий-изилдөө ишине карата кызыкчылыктарын өнүктүрүү жана эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргызстандын командасын түзүү максатында олимпиада өткөрүп келет.

Улуттук статистика комитетинин "Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөсүнүн" жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандагы 7-14 жаштагы окуучулардын 42 пайызы окуган текстин түшүндүрүп бере албайт. Ал эми ушул эле курактагы окуучулардын 48% математикалык көндүмдөрү талапка жооп бербей турганы аныкталган.

Буга чейин министрлик быйылкы жаңы окуу жылынан тартып Кыргызстанда мугалимдер окуучуларды PISA стандарттарына ылайык окута баштарын билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG