Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

Адам өлүмүнө шектүү айдоочуну үй камагына чыгарган судья маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

24 жаштагы кыздын жолдогу өлүмү үчүн айыпталып, бирок тергөө абагына камакка алынбаган шектүү мурда милиция органдарында иштеген адам экени аныкталды жана аны үй камагына чыгарууга мыйзамдуу негиз болгон. Бул тууралуу бүгүн 18-январда шектүүнү үй камагына чыгарган Свердлов райондук сотунун судьясы Айзада Исаева билдирди.

Судьянын айтымында, шектүүнү камакка албоо тууралуу чечим анын ден соолугуна байланыштуу кабыл алынган:

“Жактоочу берген медициналык документтерге ылайык, айыпталуучу 2013-жылы ички иштер кызматкери катары медициналык талаптарга ылайык пенсияга чыккан. 2016-жылы бул адамга донорлук бөйрөк коюлган, кийин да 2021-жылга чейин жогоруда аталган диагноз калган. Бул диагноз жоюлбайт экен. Андан тышкары МСЭК комиссиядан бул киши сырттан жардамга, кароого муктаж, өзүн өзү карап, камсыздоого мүмкүнчүлүгү жок деген кагаз бар экен”.

Ички иштер министрлигинин академиясында окуп жаткан Айза Улан кызы Бишкекте жол кырсыгынан каза болгонун, аны машинасы менен сүзүп, качып кеткен кишини сот үй камагына кое бергенин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 17-январда айтып чыккан. Ал Свердлов райондук сотунун мындай чечимине Жогорку Соттун жетекчилиги көңүл бурушу керектигин белгилеген.

Ал "Фейсбуктагы" баракчасына "Чырактай кызды сүзүп өлтүрсө, анан дароо аны ооруканага алып барбай, качып кеткен кишини сот үй камагына кое бериптир! Ушул кантип болсун?! Аны милиция 3-4 күндө видебайкоо аркылуу издеп кармаптыр. Айза Улан кызы болгону 24 жашта болгон, абдан билимдүү, милиция болууну эңсеген экен" деп жазган.

Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG