Бишкектеге Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде жаш сүрөтчүлөр Гулиза Урустамбек кызы менен Найзабек Мукамбетовдун “Жол” аттуу фото көргөзмөсү өтүп жатат.
Көргөзмөдө сүрөтчүлөрдүн Кыргызстандын беш облусунда тартылган эмгектери, анан ичинен адам төрөлгөндөн каза болгонго чейинки жолу кыргыздын каада-салттары менен баяндалган. Сүрөттөрдө баланы бешикке салуу, үйлөнүү үлпөт жана жаназа сыяктуу кыргыздын салттары көрсөтүлүп, өлүм менен өмүрдүн айкалышы эмоциялар менен берилген.
Андан сырткары баткендик бөбөктөрдүн колго тарткан сүрөттөрү да коюлган.
Долбоор “Сорос-Кыргызстан” жана “IDEA CA” фонддорунун жардамы менен ишке ашырылган “MediaJasa” долбоорунун алкагында жасалууда.
Көргөзмө 27-январга чейин уланат. (GT)