Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Беларуста прокурор “Радыё Свабоданын”журналистинин жубайын эки жылга кесүүнү сурады


Дарья жана Игорь Лосик кызы менен
Дарья жана Игорь Лосик кызы менен

Беларустун Брест облустук сотунда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун беларус кызматы – “Радыё Свабоданын” журналисти Игорь Лосиктин жубайы Дарья Лосиктин үстүнөн сот жүрүп жатат. Прокурор аны “экстремисттик ишмердик кылган” деген кине менен эки жылга эркинен ажыратууну соттон өтүндү. Соттун өкүмү 19-январда чыгышы мүмкүн.

Прокуратура Лосиктин беларус бийлигинин “кара тизмесиндеги” польшалык «Белсат» телеканалына берген интервьюсун "экстремисттик" деп тапкан.

“Лосик кылмыш ишин иликтөө жана укук коргоо ишмердигин жүргүзгөн мамлекеттик органдарга негативдүү баа берген. Ал күйөөсү эч кандай кылмыш кылбаганын жана мыйзамсыз соттолгонун айткан. Башка соттолгондордун жакындарын да кошо үндөгөн” – деп айтылат тергөөнүн версиясында.

Дарья Лосик былтыр октябрда өз үйүндө кармалган. Анын төрт жашар кызы Паулина чоң ата, чоң энесинин колунда калды.

Блогер Игорь Лосик 2021-жылы декабрда 15 жылга абакка кесилген. Телеграмдагы популярдуу каналы бар журналистке "коомдук тартипке шек келтире турган аракеттерге даярданган" деген сыяктуу үч айып тагылган. Лосик өзүнө тагылган айыптардын баары ойдон чыгарылганын айткан.

Батыш мамлекеттеринин дипломаттары бир нече жолу беларус бийлигин аны бошотууга чакырышкан.

"Эркин Европа / Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай сот өкүмүнүн алдында билдирүү таратып, Лукашенконун режимин Лосикке жана башка журналисттерге карата кабыл алынгыс мамилени токтотууга чакырган.

2020-жылкы талаштуу шайлоодон бери Беларуста бийликке каршы демонстрацияга чыккан он миңдеген киши кармалган. Укук коргоочулар камакка алынган 800дөй кишини саясий туткун деп тааныган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG