Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Украинанын ички иштер министринин милдетин Игорь Клименко аткарат


Игорь Клименко (оңдо)
Игорь Клименко (оңдо)

Украин өкмөтү ички иштер министринин милдетин убактылуу аткарууну Улуттук полициянын башчысы Игорь Клименкого жүктөдү. Бул тууралуу украин прмьер-министри Денис Шмыгал билдирди.

Ички иштер министрлигинин жаңы жетекчиси парламент менен талкуулагандан кийин дайындалат.

18-январда Киев облусундагы Бровары шаарында тик учак кулап, жыйырмадай киши каза тапты. Кыйраган тик учакта Украинанын ички иштер министри Денис Монастырский, анын биринчи орун басары Евгений Енин, статс-катчы Юрий Лубкович, жалпысынан тогуз киши бараткан. Алардын баары көз жумду. Тик учак балдар бакчасынын жанына түшүп, имараттан өрт чыкты. Акыркы такталган маалыматка караганда, бери дегенде 17 киши каза болду, алардын төртөө балдар. Ооруканага түшкөн 22 кишинин 10у жеткинчектер.

Кырсыктын себеби азырынча анык эмес.

Президент Владимир Зеленский окуяны трагедия деп атап, Коопсуздук кызматына жана Улуттук полицияга бардык жагдайларын аныктоону тапшырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG