Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Башкы прокурордун дагы бир орун басары алмашты


Башкы прокуратуранын имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Башкы прокуратуранын имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокурордун дагы бир орун басары Турусбек Ишеналиев кызматтан алынып, анын ордуна Үмүткан Конкубаева дайындалды. Бул тууралуу тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду.

17-январда башкы прокурордун биринчи орун басары Абай Молдокматов иштен алынып, ал кызматка Улукбек Султанов дайындалган. Бул укук коргоо органдарына байланышкан чуудан кийинки прокуратурадагы экинчи кадрдык алмашуу болуп калды.

Мунун алдында президенттин администрациясы Сузак районунда милиция кызматкерлеринин кармалышына байланыштуу прокуратура органынын беш жетекчисин кызматтан алууну сунуштаган.

Андагы маалыматта Сузак районунда милиция кызматкерлеринин кармалышынан кийин президенттин тапшырмасы менен жумушчу топ түзүлүп, текшерүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат.

Кызматтан бошотуу сунушу берилген прокурорлордун арасында башкы прокурордун орун басарларынын, Жалал-Абад облусунун прокурору Алмаз Киязовдун жана анын орун басары Заирбек Тойчубаевдин, Сузак районунун прокурору Бакытбек Сыдыгалиевдин жана анын орун басары Тынчтык Кенжебаевдин аттары аталган.

27-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Сузак райондук милициясынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын эки кызматкери кармалганын маалымдаган. Алар оор кылмышты жашырууга шек саналып, Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кармалганы айтылган.

Буга байланыштуу 28-декабрда Ички иштер министрлиги Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы алмашканын, Жеңиш Абитов жаңы жетекчи болгонун билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG