Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

УКМК Курулуш агенттигинин кызматкерин коррупцияга шектүү катары кармады


УКМКнын имараты. Архив
УКМКнын имараты. Архив

Архитектура, курулуш, турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик экспертизанын директору коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында 18-январда кармалган.

УКМК тараткан маалыматта ал Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп турганда "Дос-строй" компаниясы үчүн акча каражаттарын которууну кечиктирүү, ошондой эле аткарылган иштердин көлөмүн кабыл алуудан баш тартуу сыяктуу жасалма тоскоолдуктарды жаратканы айтылат.

Мындай аракет "Дос-Строй" жабык акционердик коомуна таандык "Болот уста" ишканасынын суб-аткаруучу болушуна жол ачып бергени кошумчаланган.

"Чүй облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарына 3 миллион сомдон ашык акча каражаты пара түрүндө "Болот уста" тараптан эмгек акы төлөнгөн. Ошону менен бирге, социалдык объектини тапшыруунун мөөнөтү бир топ кечиктирилгенине байланыштуу, Беловодское айылдагы орто мектептин курулуш иштери бүтпөй калган.
Аудиттин корутундусуна ылайык, бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен 4 миллион 500 миң сомго жакын зыян келтирилген", - деп жазылат маалыматта.


Учурда тиешелүү тергөө жүргүзүлүүдө. Айыпталган тараптан комментарий боло элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG