Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Чоң-Алайдагы памирлик кыргыздарга жардам жеткирилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылына көчүрүлгөн жети памирлик үй-бүлөгө жардам жеткирилди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жардамды Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин эксперти Салтанат Бараканова тапшырып, жалпы 21 кишиден турган жети түтүнгө эмеректер жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдар берилди. Муну менен катар Ош шаарындагы “Элим” клиникасынан эки тиш дарыгери келип, жарандарды кароодон өткөрүп, жергиликтүү бийлик жети тонна көмүр түшүрүп берди.

Кайрылмандардын бири Алияхмат Махамадосмон эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, көчүп келген аймакка эми көнө баштаганын айткан. "Азыркы кыштын күнүндө төшөнчүлөргө, үй-буюмдарына муктаж өтө муктаж элек”, – деп айткан ал.

Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын жалпы саны 2 миңге чамалуу экени маалымдалып келет.

Былтыр июль айында кыргыз өкмөтү 2022-24-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 млн. сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган 1,5 миңдей этникалык кыргыз (400 үй-бүлө) көчүрүлүп келери маалым болгон.

Ага чейин 2019-жылы 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө көчүрүлүп келип, Алай районунун Сары-Могол айылына алар үчүн турак жай курулган.

2017-жылы Нарынга алып келинген элүүдөй кыргыздын айрымдары Ооганстанга кайра кайткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG