Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Каракалпакстандагы рейдде 90 миңдей үй тинтилип, 132 киши кармалды


Столица Каракалпакстана Нукус.
Столица Каракалпакстана Нукус.

Өзбекстанга караштуу Каракалпакстанда соңку бир нече аптада рейд жүрүп, мурда издөөдө жүргөн 132 адам кармалды.

Бул тууралуу УзА агенттиги Каракалпакстандын ички иштер министри Бактыяр Төрөбековго шилтеме кылып жазды. Рейд учурунда коомдук активисттер менен биргеликте 90 миңдей үй, 18 миңден ашуун объектер текшерилген.

Түшүндүрүү иштеринен кийин тургундар тартип коргоо органдарына 344 даана курал-жарак жана 170 ок-дары тапшырып беришти. Дайыны чыкпай жаткан 12 киши табылып, үй-бүлөсүнө кайтарылды.

Ар кандай мыйзам бузууларга байланыштуу 57 учур катталып, күнөөлүүлөр жоопко тартылды.

Өзбекстанга караштуу Каракалпакстанда былтыр жайында болгон нааразылык акцияларын басууда 21 киши, анын ичинде коопсуздук кызматкери мерт болгон.

Эл аралык укук коргоо уюмдары ал окуяны бейтарап иликтөөгө чакырып келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG