Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Бир катар ЖМКларга жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалымат түштү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бир катар маалымат каражаттардын кызматкерлери жардыргыч затка байланыштуу маалыматтан улам эвакуация болууда.

24.kg агенттиги бомба тууралуу электрондук почтага кат келгенин жазды. Бишкек милициясы 20-январда саат 15:45те 102 кызматына Бишкектин борборундагы Red Centre соода борборунда бомба бар экени тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди. 24.kg ушул соода борбордун имаратында жайгашкан.

Ушундай эле кат 24.kg агенттигинен сырткары "Элдик медиа" , "Вечерний Бишкек", Kaktus.mediaга да келген. Kaktus.media агенттигинин негиздөөчүсү Дина Маслова бомбага байланыштуу кабардан улам алар жайгашкан алты кабаттуу имараттын бардыгы эквакуация болуп жатканын Фейсбук баракчасына жазды.


20-декабрда эртең менен Бишкектеги беш мектептин окуучу, мугалимдери жардыргыч зат тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланган. Түштөн кийин милиция мектептерде эч кандай жардыруучу зат табылбаганын билдирген.

Тигил же бул жерде жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалыматтар буга чейин да жашыруун айтылып, адамдар эвакуацияланып, бирок кийин ал жалган экени аныкталган окуялар болгон.

Кыргызстанда "бомба коюлду" деп жалган маалымат тараткандарга Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси, тактап айтканда, "Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо" айыбы боюнча кылмыш иши козголот. Анда айып пул төлөп, кара жумушка тартуу же үч жылга чейин эркинен ажыратуу өңдүү жазалар каралган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG