Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Экс-депутат Саматбек Ибраевдин уулу Болгарияда кайра кармалды


Болгарияда кармалган Данияр Ибраев. ИИМ тараткан сүрөт.
Болгарияда кармалган Данияр Ибраев. ИИМ тараткан сүрөт.

Кыргызстанда "өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылган" деген негизде Интерпол издөө жарыялаган Данияр Ибраев Болгарияда кайрадан кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, “металлист” деген кайман аты бар жаранга бир нече алдамчылык аракеттерин жасагандыгы үчүн 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон.

Ибраев ири курулуш компанияларынын жетекчилеринин ишенимине кирип, курулуш материалдарын ташып берүүнү убада кылып, 19 821 000 АКШ долларын алган. Акчаны алган соң изин жашырып кеткен.

Белгилүү болгондой, ал Бишкекке чукул “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунан Казакстандын аймагына өтүп кеткен.

2020-жылдын февраль айында Ибраевге Интерпол аркылуу издөө жарыяланган. Ошол жылы 27-февралда Болгариянын баш калаасы Софиянын борборунан кармалып, камакка алынган.

Андан соң Ибраев адам укуктары боюнча Европалык сотко, андан сырткары Болгариянын компетенттүү органдарына кайрылып, укугу корголо турган өлкөнү издеп жүргөнүн билдирген. Адвокаттар экстрадициялоо боюнча чечимге каршы арызданышкан. Апелляциялык сот аны үй камагына чыгарган.

Былтыр майда Болгариянын Варна шаарынын райондук соту аны камакка алууга чечим чыгарган. Бирок Ибраевдин кайда жүргөнү белгисиз болгон.

Быйыл 18-январда Кыргызстандын ИИМи Интерполго кайрадан кайрылып, Данияр Ибраев Болгарияда кармалды. Азыр аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселелеси чечилип жатат.

31 жаштагы Данияр Ибраев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Саматбек Ибраевдин уулу. Бишкекте ата-бала Ибраевдерге акчасын алдатып жиберген ондогон киши митинг өткөргөн. Экс-депутат андай айыптарды төгүндөгөн.

Бишкек шаардык милициясы 2020-жылы бир нече курулуш компаниясынын өкүлдөрү Данияр Ибраевдин үстүнөн арыз менен кайрылганын билдирген. Милициянын маалыматы боюнча "Ибраев жети курулуш компаниясын 507,3 миллиондон ашуун сомго алдап кеткен" деп шек саналууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG