Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Грузин президенти орусиялыктардын өлкөдө жүрүү эрежелерин катаалдаштырууга чакырды


Орус-грузин чек арасында кезекте тургандар.
Орус-грузин чек арасында кезекте тургандар.

Грузиянын президенти Саломе Зарубишвили Орусия менен түз аба каттамдарды кайра калыбына келтирүүгө каршы болуп, орус жарандарынын өлкөдө жүрүү эрежелерин катаалдаштырууга чакырды. Расмий билдирүү грузин президентинин сайтына жарыяланды.

Зарубишвили Грузиянын Батыштагы өнөктөштөрү Украинага ар тараптан колдоо көрсөтүп жатканда Орусияга түз авиакаттамдарды калыбына келтирүү акылга сыйбаган көрүнүштөй сезилерин белгилейт.

Президент ошондой эле орус жарандарынын агымына олуттуу көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, Грузияга кирип жаткандардын агымын жөндөө үчүн мыйзамдык актыларды иштеп чыгууга чакырды. Өлкөдө чет элдиктердин ишке орношуусуна, ишкердикти каттоого, кыймылсыз мүлк сатып алууга жана орус тилдүү мектептерди ачылышына өзгөчө көңүл буруу керектигине белгилейт.

Зарубишвили өкмөткө өлкөнүн беделин коргоону эскертип, Орусия Батыштын санкцияларын буйтап өтүүдө Грузияны колдонуп жатат деген айыптоодон алыс болууга чакырды.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Кремль жапырт мобилизация жарыялаганда жүздөгөн орусиялык башка өлкөлөргө чыгып кетти. Орусия менен визасыз режими бар өлкөлөрдүн ичинен Грузияга көп киши агылган.

Алдын ала малымат боюнча былтыр Грузияга 120-140 миңдей орус жараны келген. 12 миңдей орусиялык ар кандай кыймылсыз мүлк сатып алган. Грузиянын Улуттук банкы 2022-жылы орус жарандары эки миллиард доллардан ашуун өлкөгө которгонун билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG