Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Акылбек Жапаров Бишкекке сырттан машине киргизбөөнү сунуштады


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги абанын сапатын жакшыртуу үчүн эски машинелерден арылуу керектигин айтты.

Жапаров 20-январда райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешмеде Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровго унаалардын санына байланыштуу бир нече тапшырма берди.

"Бишкектин тургундарынын канча машинеси бар, тактап аныктап чыккыла. Бөлөк жактан келген машинелердин баарына шаардын кире беришине "тузактарды" койгула. Азыр биз 1,5 миң автобус алсак, элдин баары шаарга кире бериште машинесин унаа токтотуучу жайга токтотуп коюп, автобус менен Бишкектин ичине кириш керек. Канча киши Бишкекке келем десе, ар бири бирден машине айдап алып келип жатпайбы", - деди ал.

Жапаровдун айтымында, Кыргызстанда акыркы жылдары 1,5 миллион машина сатып алынса, анын 1,2 миллиону 15 жыл же андан көп жыл мурда чыккандар. Ал Бишкек мэриясына, транспорт жана байланыш, ички иштер министрликтерине эки жумалык мөөнөттө шаардагы машинелердин санын тактоону тапшырды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын 2021-жылдагы маалыматы боюнча, өлкөдө 1,3 млн. машина бар, алардын бир миллиону жеңил унаалар. Анын 800 миңден ашууну 15 жылдан ашык колдонулгандар.

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун индексинде ушул күндөрү Бишкек биринчи сапта турат. Абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жетти.(BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG