Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:48

CPJ: "Азаттыкты" жабуу өлкөдөгү сөз эркиндигинин көрсөткүчүндө кара так болуп калат


"Азаттыктын" кабарчысы Токтосун Шамбетов түз эфирде, 2022-жыл.
"Азаттыктын" кабарчысы Токтосун Шамбетов түз эфирде, 2022-жыл.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто турган Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists - CPJ) кыргыз өкмөтүнүн "Азаттык" радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин айыптаган билдирүү таратты. Уюм 23-январда тараткан билдирүүдө кыргыз бийлигин радионун сайтына коюлган бөгөттү алып салууга, банк эсебин ачууга жана маалымат каражаттарын ооздуктоону токтотууга чакырды.

"Азаттык" радиосу Кыргызстандагы эң көрүнүктүү жана кадыр-барктуу маалымат каражаттарынын бири жана анын кеңсесин жабуу өлкөдөгү сөз эркиндигинин көрсөткүчүндө кара так болуп калат", - деп жазылган анда.

Комитет "Азаттыкка" байланыштуу жагдайдан улам Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана Юстиция министрлигине кат жолдоп, комментарий сураганын, бирок ал жоопсуз калганын белгиледи.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы 23-январда маалым болду. Сот ал арызды кароо мөөнөтүн 8-февралда белгиледи.

Министрлик доо арызда эл аралык компаниянын "Настоящее время" телеканы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. "Азаттык Медиа" мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин "согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат" деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

Министрликтин мындай кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер, уюмдар сындап чыгышты.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай "Азаттык" радиосуна байланыштуу соңку жагдайга комментарий берип, "Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса дагы бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз", - деди.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга негиздеген.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет. Буга чейин радионун юристтери аталган чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен алгач Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, андан соң Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул маселе боюнча алгачкы соттук жараян 26-январга белгиленген.

22-январда президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана "Азаттык Медиа" боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын Фейсбукка жазган.

XS
SM
MD
LG