Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке келди


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз артисттеринин коштоосундагы концерттик программаны көрүштү. Өлкө лидерлери мамлекеттик сапардын алкагында 27-январда, чакан жана кеңири курамда эки тарапты кызыктырган маселелерди жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүнү талкуулашат”, - деп айтылат расмий маалыматта.

Мирзиёев Кыргызстанда былтыр 10-декабрда келери айтылып, бирок сапар болбой калган. Кыргыз тарап ал жыл аягына чейин келерин кабарлаган.

Коңшу өлкөнүн башчысынын Бишкекке сапары учурунда кол коюла турган документтердин бири чек арага байланыштуу болот.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, ратификациялап бүттү.

Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Анжиян суу сактагычы деп атайт.

Кыргызстанда суу сактагычтын жери Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат. Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигин абактагыларды бошотууга чакырып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG