Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:54

Украина: майданда кармаш уланууда, Зеленский “танк коалициясы" куралганын кубаттады


Украин аскери орус армиясынын атып түшүрүлгөн ракетасын карап жатат. 26-январь, 2023-жыл.
Украин аскери орус армиясынын атып түшүрүлгөн ракетасын карап жатат. 26-январь, 2023-жыл.

Орусиянын күчтөрү Донец жана Луганск облустарынын чыгыш райондорунда ар тараптан чабуул койгонун 27-январда эртең менен украин аскерлери билдирди. Украин армиясы соңку 24 саатта 11 жерде чабуулдардын мизин кайтарганын жарыялады. Бейшембиде Москва бир катар украин шаарларын ракета менен аткылап, бери дегенде 11 киши мерт болуп, стратегиялык энергетикалык жайлар иштен чыкты. Украинанын абадан коргонуу системасы башкалаа Киевде снаряддардын көбүн атып түшүргөнүн маалымдады.

“Өткөн суткаларда коргонуу күчтөрү Луганск облусунун Площанка, Невски, Червонопоповка айылдарына, Донецк облусунун Верхнекаменск, Парасковиевка айылдарына, Бахмут, Клищевка, Водяне, Невельское, Марьинка жана Угледар шаарларына кол салуунун мизин кайтарды” – деп айтылат украин куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө.

Соңку айыгышкан кармаштар 26-январда украин армиясы орустардын 59 ракетасынын 47ин атып түшүргөнүн жарыялагандан кийин күчөдү. Москва ошондой эле 37 авиачабуул жасап, анын 17де Иранда чыккан Shahed-136 дрондорун колдонгон. Украиндер алардын баарын атып түшүргөнүн жарыялашты.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу бул маалыматтарды бышыктай албай турганын эскертебиз.

Украин президенти Владимир Зеленский бейшембинин кечиндеги телекайрылуусунда, Киевге заманбап согуштук танктарды берген Батыштагы өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирип, майданда чабуул койчу техниканы жеткирүүнү тездетүүгө чакырды.

Германия Украинага "Леопард" танктарын берүүгө макул болду. Вашингтон да Киевге "Абрамс" танктарын берерин ырастады. Буга чейин Польша, Нидерланд жана Испания эгер Берлин уруксат берсе, Украинага "Леопард" танктарын жөнөтөрүн билдиришкен. Алардын катарына Италия, Дания, Финляндия да кошулушу ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG