Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:53

Словенияда "Орусиянын тыңчысы" деп шек саналган эки киши кармалды


Словениянын борбору Люблянада тартылган сүрөт.
Словениянын борбору Люблянада тартылган сүрөт.

Словениянын чалгындоо жана коопсуздук кызматы эки чет элдик жаранды Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген шек менен кармады. Бул тууралуу 24ur.com жана SiolNET сайттары жазды.

Басылмалардын маалыматына караганда, шектүүлөр Словенияда жалган ысым менен иштешкен. Алардын бири Аргентинанын жарандыгын алган. Шектүүлөр Любляна шаарында колго түшкөн. Алар сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

26-январда Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деп Германиянын тургуну Мүнхенде кармалган. Андан бир апта мурун Швецияда мурдагы чалгынчы жана анын бир тууганы ушундай шек менен колго түшкөн.

Былтыр октябрда Москванын агенти деп шектелген теги орусиялык Бразилиянын жараны Норвегияда кармалган.

XS
SM
MD
LG