Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

ЖАМК: Камактагылардын көбү эмгекке жарамдуу курактагылар


Кыргызстандагы жабык жайлардын бири.
Кыргызстандагы жабык жайлардын бири.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү жайларында ушул тапта 7,5 миң адам жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Алардын 4 262си 30 жаштан 55 жашка чейинки курактагылар, миңден ашууну 18ден 30 жашка чейинки жаштар. Камалгандардын 74% эркектер, калганы аялдар. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын эки миңден ашууну менчик мүлккө байланыштуу кылмыштар менен, 1 767си адамдын ден соолугуна, өмүрүнө зыян тийгизип, миңден ашууну маңзат менен кармалгандар.

Чет элдик 572 киши көзөмөл мекемесинин каттоосунда, анын 287сине издөө жарыяланган.

Кыргызстанда акыркы жолу 2020-жылы Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда атайын жарлык менен абакта жаткан 230 адамга мунапыс берип, дагы 38 адамдын жаза мөөнөтүн кыскарткан. Президенттин басма сөз кызматы ырайым оор эмес кылмыш кылгандарга берилгенин маалымдаган. Укук коргоочулар абактан бошотулган эки жүздөн ашуун адам тууралуу маалымат коомчулукка ачык жарыяланышы керек деген талап койгон.

ЖАМК 2020-жылы президентке караштуу Мунапыс маселелери боюнча катчылыкка 1800дөн ашуун адамга мунапыс берүү тууралуу өтүнүч жөнөткөнүн билдирген. Мекеме соңку эки жылдан бери алардын канчасы мунапыс алып, боштондукка чыкканы тууралуу маалымат бере элек.

Улуттук статистика комитети 2022-жылы Кыргызстанда уурулук, каракчылык жана тоноо күч алганын маалымдаган. Ички иштер министрлиги майда кылмыш көбөйүп, оор кылмыштар азайганын билдирген. Бирок акыркы айларда криминалдык чыр-чатактын же кол салуунун айынан адам өмүрү кыйылган учурлар катталды.

Белградда жайгашкан Numbeo сайты 2022-жылы дүйнөдөгү 142 өлкөдөгү криминалдык кырдаалдын деңгээлин аныктаган. Анын тизмесинде Кыргызстан кылмыштуулук күч алган 50 өлкөнүн ичине кирип, 36-орунду ээлеген. (BCh)

XS
SM
MD
LG