Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Баткенде кыргыз-тажик жолугушуусу өттү


2-февралда Баткен облусунун Лейлек районунда, кыргыз-тажик чек арасында облус жетекчиси Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода жолугушту. Кыргызстандын жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын башчылары Уларбек Шаршеев менен Ражабали Рахмонали жана эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, район акимдери катышты.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, чек арадагы кырдаал талкууга алынып, үч маселе макулдашылды.

Алар - чек ара аймактарындагы көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүү жолу менен гана чечүү, 2023-жыл ичинде тынчтыкты сактоо багытында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана эки облуста тең чек арага жакын жашаган эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Кыргыз-тажик мамлекеттик тилкеси такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү жаңжалдар атталып келет. Соңку эки жылда куралдуу каргашаларда ондогон адамдын өмүрү кыйылып, үйлөр жана мекемелер талкаланды. Бул үчүн эки өлкө бирин-бири айыптаган. (JsA)

XS
SM
MD
LG